Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги атышуу ИИМ окуянын чоо-жайын айтты

Кол салды деген кишинин башына курал талашуу учурунда кокусунан ок атылып  көз жумганы айтылды

Кечээ, 10-октябрда Бишкектин 7-кичирайонундагы спорт залда ок атышуу орун алды.

ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала маалыматтар боюнча, жаран Ы.М. жана Н.Ж. каржылык пикир келишпестиктер болуп келген. Ага байланыштуу биринчи киши экинчи адам иштеген 7-кичи райондогу спорт залга нааразылыгын айтуу үчүн барган. Чатак ырбап, Н.Ж. аттуу жаранды аңчы мылтыгы менен ичке атканы айтылат.

Алгачкы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, жаран Н.Ж.нын иштеген жерине келген жаран Ы.М. ага өз талаптарын билдиргендиги аныкталган.
Андан соң, өзүнө катталган мылтыгынан Н.Ж.нын ич көңдөйүнө атайылап ок чыгарган. Ы.М. андан кийин арачага түшкөн С, Э. аттуу кишини бутка аткан. Ал мылтыкты өзүнө мээлетпөө аракети менен каршылык көрсөтүп, экөө тең жерге жыгылган. Кол салды деген кишинин башына курал талашуу учурунда кокусунан ок атылып, көз жумганы айтылды.

Бул фактынын негизинде Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Учурда окуянын жагдайларын аныктоого жана юридикалык баа берүүгө багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүүдө.

Учурда Н.Ж. жана С.Э.аттуу жарандар ооруканада жатышат.

Кылмыш иликтөөнүн жүрүшү Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин көзөмөлүндө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх