Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Садыр Жапаров иш сапар менен Ашхабад шаарына келди

Улуттук кийимчен балдар Садыр Жапаровго салам айтып  гүл сунушту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда Түркмөнстандын Ашхабад шаарына иш сапары менен келди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчынын борту Түркмөнстандын баш калаасынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Түркмөнстандын министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Баймырад Аннамамедов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Аэропортто килем төшөлүп, ардак кароол тизилди. Улуттук кийимчен балдар Садыр Жапаровго салам айтып, гүл сунушту.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен түркмөн акыны жана философу Махтумкули Фрагинин 300 жылдыгына арналган "Мезгил менен цивилизациялардын өз ара байланышы — тынчтыктын жана өнүгүүнүн негизи" аттуу эл аралык форумга катышат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх