Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түндүк-Түштүк альтернативдик авто жолунун Арал-Казарман участогуна эки жерден таш кулап жол убактылуу жабык

Жол үстүнө түшкөн таштын көлөмү болжол менен 3000 м3 түздү

2024-жылдын 16-октябрында Түндүк-Түштүк альтернативдик авто жолунун Арал-Казарман участогунда 270-271 чакырым аралыгына жаандан улам тоо бетинен таштар кулап жолду жаап калган. Жол үстүнө түшкөн таштын көлөмү болжол менен 3000 м3 түздү.

Ошондой эле, Арал-Казарман участогунун 243-296 чакырым аралыгында дагы таш көчкү түшүп, авто жол убактылуу жабык. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. Жолдун ачылышы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Малымат ирээтинде айта кетсек: Кече түнү Арал-Казарман авто жолунун 243-296 чакырым аралыгына таш көчкү түшүп, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн жол убактылуу жабылган.

Министрликтин маалымат кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх