Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат телефон шылуундары менен катуу күрөшүүгө чакырды

Жарандардын телефон номерлерине шылуундар байланышка чыгып акча жөнөтүүнү талап кылышат

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Маткеримов телефон шылуундар жөнүндө маселе көтөрдү. Айбек Маткеримовдин айтымында телефон шылуундар анын атынан дагы Телеграм баракчасын ачып, кесиптештеринен, тааныштарынан акча сурап жазып кайрылып жатышкан фактыны аныкташкан.

Бул укук бузууларга депутат мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, катуу күрөшүү керектигин айтты. Себеби мындай учурлар абдан көбөйүп жана жабырлануучулар күндө кайрылып жаткандыгын депутат баса белгиледи.

Ички иштер органдарынын нөөмөт бөлүмдөрүнө жана 102 кызматтарына аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн баштай телефондук алдамчылык фактылары боюнча билдирүүлөр келип түшүүдө.

ИИМдин тийиштүү кызматтары ал кайрылууларды каттоого алып, алдамчылык аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоого жана кармоого багытталган кеңири ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө.

Телефон шылуундарынын иш-аракеттеринин схемасы жөнөкөй эле. Жарандардын телефон номерлерине шылуундар байланышка чыгып, туугандары же болбосо күч органдарынын, саламаттыкты сактоо, куткаруучу кызматтардын кызматкерлери болоорун айтып, кырсыкка учураганын (жол кырсыктары) тууралуу кабарлап, курьерлер аркылуу акча жөнөтүүнү талап кылышкан. Жабыр тарткан жарандардын арасында, чалгандардын көрсөтмөсү боюнча, шылуундар жиберген курьердик кызматтар аркылуу акча каражаттарын жөнөткөндөр дагы бар.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх