Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте режиссёр аялдардын VI эл аралык кино форуму өтөт

Форумдун уюштуруучуларынын айтымында, иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 17 режиссёр айым катышат

Бишкекте 27-29-ноябрь күндөрү кыргызстандык режиссёр жана акриса Клара Юсупжановага арналган VI эл аралык кино форум өтөт.

Форумдун уюштуруучуларынын айтымында, иш-чарага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан 17 режиссёр айым катышып, көрүүчүлөргө өз эмгектерин тартуулашат.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Казакстан жана Өзбекстандан келген катышуучулар мастер-класстарды өткөрүшүп, тажрыйбалуу режиссер айымдардын жана илимий кызматкерлердин катышуусунда тегерек столдор жана талкуулар уюштурулат.

Форум режиссер айымдарды бир аянтчага чогултуу, бири-бири менен пикир алмашуу, коомдун актуалдуу көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо максатында өткөрүлүүдө.

Кинофорумдун автору жана режиссёру Асел Жураева. 2016-жылдан бери кинофорумду Азиянын чыгармачыл аялдары фонду уюштуруп келет.

Эске салсак, V юбилейлик кинофорум өткөн жылы Ош шаарында өткөн.

Маалымат үчүн: Клара Юсупжанова — советтик кыргыз актрисасы жана режиссёру. Кыргызстандын маданиятына эмгек сиңирген ишмер. Клара Юсупжанованын тасмада ойногон эң биринчи ролу жаш актрисанын атын атактуу кылган. Анын дебюту 1963-жылы "Жылуулук" тасмасында болгон. Ал кезде он тогуз жашта болгон Клара отуз жаштагы аялдын ролун аткарган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх