Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Биздин милдет - калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо - Таалайбек Ибраев

Жылуулук ишканаларында жаңылоо жана оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Биздин башкы милдет - калкты 24 саат бою үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоо. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев 2024-жылдын тогуз айынын жыйынтыгын чыгарган коллегияда билдирди.

Анын айтымында, быйыл план боюнча энергетика тармагындагы ар бир ишкана керектүү жабдуулар, техникалар менен жеткиликтүү камсыздалып, калкка электр энергиясы менен жылуулук үзгүлтүксүз жана сапаттуу берилет.

"Бишкек Жылуулук электр борбору 22-октябрда жылуулук берүүгө толук даяр. Ал эми облустардагы мекемелердин жетекчилери быйылкы кышка даярдыктары боюнча маалымат берүүдө. Ар бир иште 100 пайыз аткаруу бар дегенден алысмын, бирок 1-ноябрга чейин бардык оңдоо иштерин аяктап, жылытуу мезгилине өтөбүз. Жылдан жылга кышка даярдык жакшырууда”, - деди Таалайбек Ибраев.

Коллегиянын жүрүшүндө 9 ай аралыгында өлкөнүн энергетика тармагында аткарылган иштер тууралуу маалымат берилди. Алсак, жыл башынан бери жалпы кубаттуулугу 45,9 МВт 6 чакан ГЭС ишке берилди. Ошондой эле 2 чакан ГЭС, 1 күн жана 1 шамал электрстанцияларын куруу үчүн мезгил кутучалары салынды.

Мындан тышкары, өлкө аймагындагы ГЭСтерде, райондук электр тармактар ишканаларында, жылуулук ишканаларында жаңылоо жана оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх