Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте "Кимчи-2024" фестивалы өттү

Белгилей кетсек, кимчи жасоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасы статусуна ээ

9-октябрда Бишкек шаарында "Кимчи-2024" фестивалы өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чара Кореянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулуп, ага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Квангдже, ошондой эле дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышты.

Белгилей кетсек, кимчи жасоо маданияты ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурасы статусуна ээ.

Кимчи фестивалы корей ашканасын тааныштыруу жана кимчи жасоо иш-чараларын уюштуруу үчүн маанилүү окуя болуп саналат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх