Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Баткен облусу менен Гуд Нейборс уюмунун кызматташтыгы өнүгөт

Форум маалымат алмашуу жана келечек пландарды талкуулоо үчүн аянтча боло алды

Баткенде Гуд Нейборс уюму тарабынан уюштурулган Айылды комплекстүү өнүктүрүү долбоорунун алкагында форум өттү.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага Баткен облусунун башчысынын орун басары Тимур Мадяров, Гуд Нейборс уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Чо Сунхён баштаган кызматкерлер, аталган уюмдун өнөктөштөрү да катышды.

Форум маалымат алмашуу жана келечек пландарды талкуулоо үчүн аянтча боло алды.

Тимур Мадяров өз сөзүндө Гуд Нейборс уюму менен Баткен облусунун кызматташтыгынын алкагында ишке ашкан долбоорлор, натыйжалар тууралуу маалымат берип, аталган уюм менен кызматташуу, Баткен облусунун социалдык-экономикалык абалын жакшыртууга багыталган демилгелерди илгерилетүүдө маанилүү кадам болгонун белгиледи.

Ошондой эле ал Баткен облусу менен Гуд Нейборс уюму бирге басып өткөн жолдогу жетишкендитерге баа берип, форум кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болот деген ишеничин билдирди.

Белгилей кетсек, Гуд Нейборс уюмунун “Берекелүү аймак” долбоорунун алкагында Баткен облусуна 12 өнүгүү борбору курулган. Алардын ар биринде дыйкандар жана аялдар, ошондой эле балдар үчүн окуу жайлары бар.

Андан сырткары, 2 спорт залы, 1 бала бакча, 1 сугат каналы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү, 1 жол асфальтталган, 37 ашык үйгө газ түтүгүнө кошуу мүмкүнчүлүгү берилди, ФАП, спорт аянтчасы жана балдар аянтчасы, суу сактагыч курулду, 1 бала бакча жана логистикалык борбор курулууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх