Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өзбекстандан келген дарыгерлер Баткендин жарандарын акысыз медициналык кароодон өткөрөт

Дарыгерлердин курамында тажрыйбалуу онколог, эндокринолог, онкогинеколог дарыгерлери бар

Баткенге Өзбекстандан дарыгерлер келди.

Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Өзбекстандан келген Республикалык адистештирилген илимдер практикалык жана терапиялык, ошондой эле медициналык реабилитация борборунун директорунун орун басары медицина илимдеринин доктору, профессор Абдукаххор Фозилов баштаган дарыгерлерди Баткен облусунун башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев кабыл алды.

Дарыгерлер сапарынын максаты - эки тараптуу кесиптик гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо, тажрыйба алмашуу, эки өлкөнүн жарандарына медициналык жардам көрсөтүү.

Дарыгерлердин курамында тажрыйбалуу онколог, эндокринолог, онкогинеколог дарыгерлери бар. Алар бүгүндөн тарта, эки күн ичинде Баткен облустук үй бүлөлүк дарыгерлер борборунда, Баткен облусунун жарандарын акысыз медициналык кароодон өткөрөт.

Маруфхан Тулаев өз сөзүндө, дарыгерлердин бул сапары кыргыз-өзбек элинин бир туугандык, жакын кошуналык ынак мамилесин дагы бир ирет далилдеп, бекемдерин белгилеп, облус жетекчилигинин жана Баткен элинин атынан ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек,бул сапардын алкагында, Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору менен Өзбекстандын Республикалык адистештирилген илимдер практикалык жана терапиялык, медициналык реабилитация борборунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлду.

Бул иш аракеттер эки өлкө президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин эки тараптуу кызматташуу боюнча жетишилген макулдашууларынын Иш планынын жана жол картасынын негизинде ишке ашууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх