Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мигранттардын укуктарын коргоо Акыйкатчынын ар дайым өзгөчө көңүл борборунда

Бүгүнкү күндө  мигранттардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы көйгөйлөр абдан курч бойдон турат

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева Москвада өткөн КМШ өлкөлөрүнүн адам укуктары боюнча комиссиясынын жыйынында Армения, Тажикстан жана Өзбекстандын миграциялык мыйзамдарынын аналитикалык баяндамалары менен тааныштырды.

Жаманбаева аталган өлкөлөрдүн Акыйкатчы институттарынын сунуштарын комиссиянын кароосуна киргизди. Анда сунушталган материалдарда аталган мамлекеттердин Акыйкатчы институттары ар бири өз өлкөсүнүн миграциялык мыйзамдарынын анализин көрсөтүштү.

Жаңы кырдаалдарды эске алуу менен мигранттардын укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу максатында, КМШ өлкөлөрүнүн өз ара аракеттенүүсү боюнча бир катар сунуштар комиссиянын кароосуна киргизилди. Бул маалыматтардын негизинде Кыргызстандын Акыйкатчы институту аналитикалык баяндама даярдады. Отурумдун жыйынтыгында КМШнын адам укуктары боюнча комиссиясы бардык сунуштарды кабыл алды.

Эскерте кетсек, Жаманбаева буга чейин, 24-июнда Санкт-Петербургда мигранттардын укуктарын коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актылардын аналитикалык жыйнагын сунуштаган. Жыйындын жүрүшүндө, буга чейинки жана азыркы эки аналитикалык документти айкалыштыруу чечими кабыл алынды.

“Бүгүнкү күндө, мигранттардын укуктары жана эркиндиктери жаатындагы көйгөйлөр абдан курч бойдон турат. Ошондуктан КМШ өлкөлөрүнүн Акыйкатчы институттары биргелешкен күч-аракеттерди жумшашыбыз керек. Өзгөчө эмгек мигранттарынын укуктары бузулган учурлар көп кездешет. Мына ушундан улам, КМШ өлкөлөрүнүн мигранттарынын укуктары жаатындагы ченемдик укуктук актыларын изилдөөнү сунуштоого түрткү болду”, - деди Жамиля Жаманбаева.

Россиянын Акыйкатчысы Татьяна Москалькова КМШ өлкөлөрүнөн келген мигранттардын укуктарынын сакталышы жаатында бириктирилген эки аналитикалык документтерди андан ары чечим кабыл алуу үчүн мамлекет башчыга жөнөтүлөрүн белгиледи. Ошондой эле, Жамиля Жаманбаева Москвада өткөн Омбудсмендердин Евразиялык альянсынын жыйынына да катышты. Жыйында Жаманбаева Кыргызстанда коомду санариптештирүү шартында жарандардын укуктарын сактоону камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу баяндады.

Иш-чарага Армениянын, Бахрейндин, Ирандын, Казакстандын, Кыргызстандын, Монголиянын, Сербиянын, Тажикстандын жана Өзбекстандын акыйкатчы институттарынын өкүлдөрү катышты. Байкоочу катары Түркия, Венесуэла жана башка мамлекеттердин адам укуктары боюнча өкүлдөрү катышты.

Кыргызстандын Акыйкатчысы “Адам укуктарын коргоо жаатындагы көйгөйлөр: Акыйкатчылардын алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүү” аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияда сөз сүйлөдү. Конференцияга 59 мамлекеттин акыйкатчылары, окумуштуулар жана эксперттер катышты. Мындан тышкары, Жамиля Жаманбаева конференциянын жүрүшүндө ар кайсы өлкөлөрдүн акыйкатчылары менен жолугушууларды өткөрүп, анда жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоону камсыз кылуу үчүн Акыйкатчы институттардын өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгү тууралуу пикир алышты.

Тактап айтканда, Жамиля Жаманбаева менен Россиянын Акыйкатчысы Татьяна Москалькова Кыргызстандын жарандарынын Россиядагы жана Россиянын жарандарынын Кыргызстандагы укуктарынын сакталышын камсыздоо боюнча кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашышты.

Мындан тышкары, Жаманбаева Москвадагы Кыргызстандын элчилигине да барды. Жамиля Жаманбаева менен Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев эмгек мигранттарынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоодо Кыргызстан менен Россиянын Акыйкатчы институттары менен элчиликтин өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн талкуулашты.    

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх