Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жумгалда мал кайтарууга кеткен эки адам дайынсыз болууда

Өрнөк айылынын тургундары 16-октябрдан бери дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрь күнү түшкөн

Жумгал районунун Өрнөк айылында эки адам мал кайтарууга жайлоого кетип, дайынсыз болуп жатат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, дайынсыз болуп жаткан жаткан 1979-жылы туулган К.Б. жана 2015-жылы туулган С.Б. аттуу тургундарды издөө иштери бүгүн, 21-октябрь күнү да улантылууда.

Издөө иштерине 12 куткаруучу, ИИМден 20 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 65 адам жалпы 97 адам тартылды.

Белгилей кетсек, Өрнөк айылынын тургундары 16-октябрдан бери дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 19-октябрь күнү түшкөн.

Ошол убактан бери жеринде издөө иштери жүргүзүлүүдө. Кечээ, 20-октябрда 11 куткаруучу, 12 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 60 адам жалпы 83 адам тартылып, издөө жумуштарынан натыйжа болгон эмес.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх