Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэриясы Ысык-Көлдөгү "Алтын-Булак" пансионатынын жер тилкесин аукционго койду

Аймак боюнча ысык булак түтүгү өтөт жана ага кошулууга болот

Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаменти "Алтын-Булак" пансионатынын жер тилкесин аукционго койду.

Муниципалитеттен билдиришкендей, "Алтын-Булак" пансионатынын жер тилкеси Ысык-Көл облусунун Сары-Ой айылында жайгашкан аянты 23,7 миң чарчы метрди түзөт. Пансионаттын аймагында пляж бар. Аймак боюнча ысык булак түтүгү өтөт жана ага кошулууга болот. Аукциондун баштапкы баасы 548 583,3 сомду түзүп, аренда мөөнөтү 5 жыл.

Аукциондун башка шарттары:
- "Алтын Булак" пансионатынын аймагындагы муниципалдык имараттарды жана курулуштарды бузуу.
- муниципалдык имараттарды жана курулуштарды бузууда коопсуздук талаптарынын сакталышын камсыз кылуу.
- Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык пансионаттын курулушун жүргүзүү.
- бардык курулган курулуштар жана имараттар ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин муниципалитеттин балансына өткөрүлүп берилүүгө тийиш (типтүү келишимдин 9-пунктуна ылайык - өз милдеттерин тийиштүү түрдө аткарган ижарачы, ушул келишимдин мөөнөтү аяктагандан кийин башкалардай болуп, жаңы мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө башка жактардан артыкчылыктуу укугу бар.).
- Бишкек шаарынын мэриясынын жана түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине берилген тизме боюнча жылына 50 орун өлчөмүндө жеңилдетилген шарттарды берүү.

Аукционго катышуу үчүн ЭЦП (электрондук санариптик кол тамга) үчүн флеш-картаны сатып алып, шилтеме аркылуу катталуу керек, аукциондук лотту таап, маалыматтарды толтуруп, төлөм коду аркылуу катышуу үчүн сумманы төлөө керек.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх