Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абадда милиция кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылды

Бул облуста милиция кызатерлеринин балдары үчүн ачылган алгачкы бала бакча

Бүгүн Жалал-Абад облусунда милиция кызматкерлеринин балдары үчүн “Жеткинчек” мектепке чейинки билим берүү мекемеси ачылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул облуста милиция кызатерлеринин балдары үчүн ачылган алгачкы бала бакча. Иш-чарага министр Улан Ниязбеков, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов жана Жалал-Абад шаарынын жергиликтуүү бийлик өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков сөз сүйлөп, дээрлик баардык аймактарда, ушуга окшогон бала-бакчалар биринин аркасынан бири ачылып, келечек муунга туура тарбия берүү ишмердиги толугу менен колго алынгандыгын баса белгиледи.

“Жеткинчек” деп бала-бакчанын аты айтып тургандай, бул жерде мектепке чейинки курактагы жаш балдарга мыкты таалим-тарбия берип, аларды мекенди сүйүүгө, жаратылышты урматтоого, келечекте чыгаан инсандарды калыптандырууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Бул бала-бакчада, ден-соолугу бекем, акыл-эстүү, жана адептүү балдар тарбияланып, баардык зыяндуу чакырыктардан да корголот деп ишенем”, - деди Улан Ниязбеков.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх