Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын аралыктан шайлоого онлайн арыз берсе болот - Төлөгөн Айтикеев
Шайлоочулар аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүктү кеңири колдонуп калуусу үчүн арыздарды берүү мөөнөтү 6-ноябрга чейин узартылды
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын аралыктан шайлоого онлайн арыз берсе болот. Бул тууралуу БШКнын шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын башчысы Төлөгөн Айтикеев “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, шайлоо күнү туруктуу жашаган жериндеги шайлоо участкасына барып добуш бере албаган жарандардын шайлоо укуктарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк түзүү максатында аралыктан добуш берүү уюштурулууда. Буга чейинки шайлоолордо туруктуу жашаган жериндеги талапкерге аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү болгон эмес.
“Өлкөбүздө ички мигранттардын саны көп болгондуктан бардык облустарда жүргөн жарандарыбыз аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүн колдоно алат. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында иштеп, окуп жүргөндөр студенттер, аскер кызматкерлери үчүн аралыктан добуш берүү жакшы мүмкүнчүлүк”, - деди Төлөгөн Айтикеев.
БШКнын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө жалпы республика боюнча 10 шаарда аралыктан добуш берүү боюнча шайлоо тилкелери ачылды. Ошондой эле өлкө аймагы боюнча 10 жогорку окуу жайында, 7 калкты тейлөө пункттарында арыздарды кабыл алуу пункттары ачылган.
Төлөгөн Айтикеев кошумчалагандай, шайлоочулар аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүктү кеңири колдонуп калуусу үчүн арыздарды берүү мөөнөтү 6-ноябрга чейин узартылды.
Ал эми аралыктан добуш берүү үчүн арызды кабыл алуу пункттарына же уюлдук телефон, компьютер аркылуу БШКнын tizme.gov.kg сайтына кирип берүүгө болот.
Эскерте кетсек, 17-ноябрда өтүүчү жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо күнү аралыктан добуш берүү үчүн арыз калтыргандар арызда көрсөтүлгөн дарекке барып, туруктуу жашап, катталган аймактагы талапкерлерге добуш бере алат.