Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте алдыңкы балет солисти Элмира Кабатай кызынын чыгармачылык кечеси өтөт

Элмира Кабатай кызы - Бишкек хореографиялык окуу жайынын бүтүрүүчүсү

Бишкекте 3-ноябрда Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында алдыңкы балет солисти КР эмгек сиңирген артисти Элмира Кабатай кызынын чыгармачылык кечеси өтөт. Бул тууралуу Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечеде көрүүчүлөр Ф.Шопендин “Шопиньяна” жана Л.Минкустун “Пакита” аттуу бир актылуу балеттеринин жарашыктуулугу менен көркүнө, виртуоздугуна жана темпераментине күбө боло алышат.

Маалымат үчүн: Элмира Кабатай кызы - Бишкек хореографиялык окуу жайынын бүтүрүүчүсү. Ч.Базарбаева атындагы Кыргыз улуттук консерваториясын бүтүргөн. К.Молдобасанованын хореографиялык режиссёру, ошондой эле Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети атындагы Б.Бейшеналиева - маданий эс алуу бөлүмүнүн менеджер адистиги. 1997-жылы А.Малдыбаев атындагы Кыргыз опера жана балет театрынын балет труппасына кабыл алынган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх