Борбор Азиянын футбол ассоциациясы АФКнын жылдын мыкты регионалдык ассоциациясы болуп таанылды
Индивидуалдык сыйлыктардын ээлери
Кыргызстан мүчөлүк кылган Борбор Азиянын футбол ассоциациясы (CAFA) Азия футбол конфедерациясынын жылдын мыкты регионалдык ассоциациясы болуп таанылды. АФКнын 2023-жылынын жыйынтыгы боюнча мыктыларды сыйлоо боюнча салтанаттуу иш чарасы кечээ, 29-октябрь күнү Түштүк Кореянын борбор калаасы Сеулда орун алды.
Эскертсек, БАФАнын курамына Кыргызстандан сырткары Иран, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран, Ооганстан жана Өзбекстан өлкөлөрү кирет. Кыргыз футбол биримдиги БАФАны аталган ийгилиги менен куттуктап, бул жетишкендиги менен сыймыктанат!
Бүгүнкү салтанаттуу иш-чарага АФКга мүчөлүк кылган улуттук жана регионалдык ассоциациялардын өкүлдөрү жана Кыргыз футбол биримдигинин Биринчи Вице-президенти Нурдин Букуев, КФБ Вице-президенттери Дастанбек Конокбаев жана Канат Абдыкадыров катышышты.
Индивидуалдык сыйлыктардын ээлери:
✔️ Кыз-келиндер футболунун мыкты машыктыруучусу — Парк Йенг Жунг (Корея Республикасы)
✔️ Мыкты машыктыруучу — Оива Го (Жапония)
✔️ Мыкты футзал оюнчусу — Сайед Ахмед Аббаси (Иран)
✔️ Кыз-келиндер футболунун мыкты эл аралык оюнчусу — Элли Карпентер (Австралия)
✔️ Мыкты эл аралык оюнчу — Сон Хен Мин (Корея Республикасы)
✔️ Кыз-келиндер футболунун мыкты жаш оюнчусу — Ча Юн Юенг (Түндүк Корея)
✔️ Мыкты жаш оюнчу - Аббосбек Файзуллаев (Өзбекстан)
✔️ Кыз-келиндер футболунун мыкты оюнчусу — Кико Сейке (Жапония)
✔️ Мыкты оюнчу — Акрам Афиф (Катар)