Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖКККББ ашуулардагы жол тыгындарынын себебин түшүндүрдү

ЖККББ айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөр менен гана сапарга чыгууну эскертет

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ашуулардагы жол тыгындарынын себебин түшүндүрдү.

Башкармалыктын маалыматына ылайык, оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары техникалык абалына көңүл бурбастан жайкы дөңгөлөктөр менен жолго чыгып алгандыктан ашууларда жол тыгындарын пайда кылып, башка жол кыймылынын катышуучуларына да тоскоолдуктарды жаратып жатышат.

Ошол себептүү тоолуу аймактарда унаалардын жүрүү кыймылдарына чектөөлөр киргизилип, жолдорду тазалоо, туруп калган унааларды жолдон алуу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.

"Мына бул видео тасмада көрүнүп турган унаалар эскертүүлөргө карабастан техникалык абалдарына өз убагында көңүл бурбай, азыр да жол тыгындарын пайда кылышып, ашууда туруп калышты", - деп айтылат маалыматта.

ЖККББ айдоочуларга кышкы дөңгөлөктөр менен гана сапарга чыгууну эскертет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх