Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Париждеги кинофестивалда кыргыз тасмалары көрсөтүлөт

Айтыш" коомдук фондунан билдиришкендей, иш-чара 4-8-ноябрда белгилүү Grand Rex кинотеатрында өтөт

Париж шаарында кыргызстандыктар тарабынан негизделген Cinema Heritage кинофестивалы экинчи жолу өткөрүлөт.

"Айтыш" коомдук фондунан билдиришкендей, иш-чара 4-8-ноябрда белгилүү Grand Rex кинотеатрында өтөт. ЮНЕСКО экинчи жолу кыргызстандыктар тарабынан негизделген Cinema Heritage кинофестивалына патронаж көрсөтүүдө

Кинофестиваль маданий мурасты сактоо жана жайылтуу максатын көздөйт жана дүйнө жүзүнөн келген кинематографисттер менен көрүүчүлөрдү бириктирип, көп түрдүүлүктүн баалуулугун кино искусствосу аркылуу көрсөтүүгө шарт түзөт.

ЮНЕСКОнун бул фестивалга эки жыл катары менен көрсөткөн патронажы анын эл аралык деңгээлде канчалык маанилүү экенин баса белгилейт. Кыргызстан Республикасынын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз жана продюсер Кубан Тойчубаев тарабынан негизделген Cinema Heritage фестивалы алгач 2023-жылы ЮНЕСКОнун колдоосуна ээ болгон. Фестиваль идеясы элчи Садык Шер-Нияз менен ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле менен болгон алгачкы жолугушууда пайда болгон жана Одри Азуле маданий баалуулуктарды кино аркылуу сактоого багытталган бул фестивалды колдоого даяр экенин билдирген. Бүгүнкү күндө фестиваль бул миссияны улантып, ЮНЕСКОнун колдоосу анын статусун жана эл аралык аброюн бекемдеп жатат.

2023-жылы долбоор Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун жана биринчи айым Айгүл Жапарованын колдоосуна да ээ болуп, Айгүл Жапарова өткөн жылы ачылыш аземине жеке катышкан. Бул Кыргызстан өлкөсүнүн маданий мурасты глобалдык деңгээлде коргоого болгон берилгендигин жана маданияттар аралык диалогдун өнүгүшүнө активдүү катышып жатканын айгинелейт.

Быйылкы жылы фестивалда Кыргызстандын уникалдуу маданиятын чагылдырган эки кыргыз тасмасы көрсөтүлөт. Негизги конкурстук программада Мирлан Абдыкалыковдун «Кыз ала качуу» аттуу тасмасы бар, анда эзелтен келе жаткан салттын курмандыгы болгон жаш кыздын тагдыры баяндалат. Ал эми «Кыргызстандын Улуттук кино күнү» программасында Кыргыз Республикасынын Кинематография департаментинин колдоосу менен көрсөтүлө турган Далмира Тилепбергендин «Белек» аттуу тасмасы үй-бүлөлүк салттарды жана атасынын ишенимин актайм деп аракет кылган жети жаштагы Арнонун окуясы аркылуу чагылдырат. Бул эки тасма ЮНЕСКОнун патронажы менен өткөрүлүп жаткан эл аралык диалогдо өзгөчөлүк жана маданий баалуулуктар темасын ачып берүүдө.

Кинофестиваль Франциядагы Кыргызстан элчилигинин колдоосу менен AITYSH France ассоциациясы тарабынан уюштурулган. Иш-чаранын негизги максаты — дүйнөлүк кинематографиянын мурасын сактоо жана жайылтуу болуп, заманбап тасмаларга жана дүйнөлүк кинонун тарыхый шедеврлерине аянтча түзүп берүү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх