Боом капчыгайынын бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат
Эскерте кетсек таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт
Бүгүн, 31-октябрда Боом капчыгайынын бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 129-чакырымынан 130-чакырымына чейинки бөлүгүндө таш кулатуу иштерине байланыштуу бүгүн саат 15:00гө чейин унаа жолу маал-маалы менен жабылып турат.
Жол инспекторлору айдоочуларды түшүнүү менен мамиле кылууга жана сапарды алдын ала пландаштырууга чакырат.
Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.
Aitysh France фондунун президенти — Инфира Осмонд, ал эми кинофестивалдын аткаруучу директору — Диана Ашимова.