Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек мэри автобекеттерди кыдырды

 Алгач калаа башчысы Бишкек автобекетинин аймагын карап чыкты

Бишкек мэри Айбек Жунушалиев шаардык кызматтардын өкүлдөрү менен биргеликте автобекеттердин аймагындагы иштердин жүрүшүн текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, алгач калаа башчысы Бишкек автобекетинин аймагын карап чыкты.

Алсак, Нарын жана Ысык-Көл облустарына каттамдар Алма-Ата көчөсү, 1/1 дарегиндеги Бишкек автобекетинин жаңы автобекетинен чыгат.

Күтүү залында туристтер жана айдоочулар үчүн заманбап эс алуу жайлары, коомдук даараткана, жууну жайы, автобекеттин аймагында тез тамактануучу пункттар орнотулган.

Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдү электромобилдер менен ташуу уюштурулган, алардын тарифтери такси кызматын көрсөткөн башка ишканаларга караганда бир топ төмөн.

Свердлов районунун акимине аталган автобекеттин ишин өзгөчө жана күнүмдүк көзөмөлгө алуу тапшырылды.

Ошондой эле Айбек Жунушалиев мыйзамсыз көмүр сатуучу жайларды жана башка уруксатсыз орнотулган жерлерди тазалоону тапшырды.

Белгилей кетсек, №13 жана №34 автобустар, ошондой эле №123 жана №128 кичи автобустар "Бишкек автобекети" муниципалдык ишканасынын жаңы автобекетине чейин каттайт.

Андан ары ал Ош-Баткен-Жалал-Абад-Талас багыттары каттаган "Аккула" ипподромунун жанында жайгашкан убактылуу иштеп жаткан батыш автобекетинде болду.

Бул жерде ошондой эле Фучик көчөсүнүн батыш тарабындагы көп функционалдуу базар комплексинин жанында жайгашкан жаңы автобекеттин курулушу аяктаганга чейин убактылуу автобекеттин толук кандуу иштешине шарт түзүлөт. Жарыктандыруу жүргүзүлдү, эски батыш автобекетинин соода түйүндөрү көчүрүлдү, диспетчердик жана касса үчүн жай орнотулду.

Борбор калаа башчысы “Бишкексууканал” ишканасынын башчысына суу түтүктөрүн тез арада орнотууну тапшырды.

Ошондой эле Эски батыш автобекетинин аймагынан убактылуу жайгаштыруу үчүн бастырмалар жана башка жеңил конструкциялар дагы көчүрүлөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх