Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев Кара-Сууда үч эм төрөлгөн 2 үй-бүлөгө батирлерди тапшырды

Кара-Суу районунда 3 эм төрөлүшү акыркы 17 жылдан бери алгачкы жолу катталган

Күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош облусунун Кара-Суу районунда эк үй бүлө төрөлгон үч эмдерден кабар алды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Алгач, Камчыбек Ташиев Кара-Суу төрөт үйүнө барып, ал жерде 27-октябрда төрөлгөн 3 эмди көрдү. Үч эмдин ата-энеси Мырза Кыргызбаев жана Айжаркын Кыргызбаевалардын үй-бүлөсүнө өлкө башчысы Садыр Жапаровдун атынан 500 миң сом акчалай белек жана УКМК кызматкерлери үчүн делип курулган Ош шаарынан 3 бөлмөлүү жаңы батирдин тийиштүү документтерин тапшырды. Үй-бүлөнүн турмуш-шартын мындан ары да көзөмөлдөп тураарын белгиледи. Үч эмге Таңсулуу, Күнсулуу, Нурсулуу деген ысымдар ыйгарылган, абалдары жакшы.

Андан соң Ташиев Кара-Суу районунун дагы бир 3 эмдүү болгон Жоош айылындагы Мирлан Дастан уулу жана Нуриза Алмазбек кызынын үй-бүлөсүнө барды. Наристелер ушул жылдын 12-октябрында жарык дүйнөгө келген. 2 уул бир кыздуу болгон жаш үй-бүлөгө да ажонун атынан 500 миң сом акчалай белек ыйгарып, аларга да тез күндөрдө Ош шаарынан 3 бөлмөлүү батир белек кылаарын убадалады. Бул үч эмге Атай, Бакай жана Асель ысымдары коюлган, абалдары жакшы. Атасы Мирлан Дастан уулу аскер кызматкери.

Эки үй-бүлө тең президент Садыр Жапаровго жана генерал-полковник Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Камчыбек Ташиев бул наристелердин саламаттыгына жакшылап көңүл бурууна жана үй-бүлөлөрдөн дайыма кабар алып турууна тийиштүү тараптарга тапшырды.

Маалыматка ылайык, Кара-Суу районунда 3 эм төрөлүшү акыркы 17 жылдан бери алгачкы жолу катталган. Жакын арада дагы бир үч эм төрөлүүсү күтүлүп жатканын, ал эненин саламаттыгы дарыгерлерден тыкыр көзөмөлүндө экенин Кара-Суу төрөт үйүнөн кабарлашты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх