Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте иштеген өспүрүмдөрдү аныктоо боюнча рейд өттү

Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 5 өспүрүм аныкталып, алар ата-энелерине соода кылууга жардам беришкенин айткан

Бишкектеги Орто-Сай базарынын аймагында балдар эмгегин пайдалануу учурларын аныктоо боюнча кезектеги рейд өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, рейдге Октябрь акимчилигинин, социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматынын жана билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле жашы жете электердин иштери боюнча инспекторлор катышты.

Рейддин жүрүшүндө жашы жете элек 5 өспүрүм аныкталып, алар ата-энелерине соода кылууга жардам беришкенин айткан.

Белгилей кетсек, ички иштер органдары иштеп жаткан өспүрүмдөр табылганда маалыматты дароо эки инстанцияга: Эмгек мыйзамдарын көзөмөлдөө кызматына, жумуш берүүчүлөрдү же ата-энелерди административдик жоопкерчиликке тартуу үчүн, ошондой эле социалдык органдарга бул үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн маалымат жөнөтүлөт.

Эске салсак, балдарды туура эмес тарбиялагандыгы үчүн ата-энелик укуктардан ажыратуу маселеси көтөрүлүшү мүмкүн.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх