Дубайда изделип жаткан кыргызстандык жаран табылды – ТИМ
Аткарылган иштердин натыйжасында ал туугандарына аман-эсен кайтып келди
Дубайда изделип жаткан А.Б. аттуу кыргызстандык жаран аман-эсен табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
"Дубай шаарында дайынсыз жоголгон Кыргызстандын А.Б. аттуу жаранынын жүргөн жери аныкталып, аткарылган иштердин натыйжасында ал туугандарына аман-эсен кайтып келди", - деп айтылат маалыматта.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз