Тилек Текебаев "Транспорт департаментине 30 жыл" төш белгиси менен сыйланды
Облус башчысы мамлекеттин ар бир кызматын жогорку жоопкерчилик менен аткаруу, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошулган салым экенин белгиледи
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев “Транспорт департаментине 30 жыл” юбилейлик төш белгиси менен сыйланды.
Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, төш белги КР Автомобиль транспорту жана жол чарба тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата бирдиктүү транспорт саясатын жүргүзүүдөгү үзүрлүү эмгеги үчүн берилди.
Облус башчысы мамлекеттин ар бир кызматын жогорку жоопкерчилик менен аткаруу, өлкөнүн өнүгүүсүнө кошулган салым экенин белгилеп, ыраазычылык билдирди.
Майрам алкагында Тилек Текебаев министрликке караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Жалал-Абад аймактык башкармалыгынын башчысы Жыргалбек Дыканбаевге Ардак грамота тапшырды.