Ошто айрым коомдук транспорттордун кыймына өзгөртүү киргизилди
Ы.Монуев көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан көчөнүн бир тарабы жабылган
Ош шаарындагы Ы.Монуев көчөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан көчөнүн бир тарабы жабылган.
Муниципалитеттен билдиришкендей, буга байланыштуу Ош шаарындагы айрым коомдук транспорттордун кыймылына убактылуу өзгөртүү киргизилди:
№110 шаардык кичи автобустук каттамы Он-Адыр Жийделик багыты боюнча А.Шакиров, Ж.Шамшиев, А. Масалиев көчөлөрү аркылуу эки тараптуу жүрөт.
№12 кичи автобустук каттамы ДЭУ-12 ОшТУ багыты боюнча баратканда А. Масалиев, Ж.Шамшиев, А.Шакиров көчөлөрү аркылуу эки тараптуу жүрөт.
№141 кичи автобустук каттамы Он-Адыр Борбордук базар багыты боюнча А. Шакиров, Ж.Шамшиев, А.Масалиев көчөлөрү аркылуу эки тараптуу жүрөт.
№137 кичи автобустук каттамы Достук Он-Адыр багыты боюнча Ы.Монуев, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, А.Шакиров көчөлөрү аркылуу эки тараптуу жүрөт.
№115 шаардык кичи автобустук каттамы Бабалашкар Маруфи багыты боюнча Ы. Монуев, А.Алимжанов, Ы.Монуев, А.Навои, А. Масалиев, Ы.Монуев, Тилекке-баатыр, Ж.Раимбеков көчөлөрү менен жүрүп, кайтканда өз кыймыл чиймеси менен Ж.Раимбеков, Ы.Монуев, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Х.Абдуллаев, К. Мадумаров көчөлөрү аркылуу жүрөт.
№118 кичи автобустук каттамы Нариман-Фурхат багыты боюнча Ы.Монуев, А. Масалиев, Ж.Шамшиев, Х.Абдуллаев, К.Мадумаров көчөлөрү аркылуу жүрүп, кайтканда, Ы.Монуев, А.Навои, А. Масалиев. Ж. Раимбеков көчөлөрү аркылуу өз кыймыл чиймеси менен жүрөт.
№120 кичи автобустук каттамы Каратай-ВЛКСМ багыты боюнча Ы.Монуев, А.Алимжанов, А. Масалиев көчөлөрү менен өтүп, андан ары өз кыймыл чиймеси менен жүрөт. Кайтканда Ы.Монуев, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Х.Абдуллаев, К.Мадумаров көчөлөлөрү аркылуу өз кыймыл чиймеси менен жүрөт.
№146 шаардык кичи автобустук каттамы ОшТУ-Рудаки мектеби багыты боюнча А. Шакиров, Ж.Шамшиев, А.Масалиев, Р.Абдыкадыров көчөлөрү аркылуу жүрүп, ушул аталган көчөлөр менен өз кыймыл чиймеси менен кайтат.
№127 шаардык кичи автобустук каттамы Ишкаван-223-квартал багыты боюнча өз кыймыл чиймеси менен А.Масалиев көчөсүнөн Ж.Шамшиев, К.Мадумаров, Х.Абдулаев көчөлөрү аркылуу жүрөт.
№160 кичи автобустук каттамы Мады айылынан келгенде Ы.Монуев, А.Алимжанов, А.Масалиев, Ж.Раимбеков көчөлөрү аркылуу кайра А.Масалиев көчөсү менен У.Салиева көчөсүнө чейин барып, А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Х.Абдуллаев, К.Мадумаров көчөлөрү аркылуу өз кыймыл чиймеси менен кайтат.
№161 кичи автобустук каттамы Кызыл-Тал-Саламат клиникасы багыты боюнча Ы. Монуев, А.Масалиев, А.Алимжанов, А.Навои, Тилеке-Баатыр, С.Раимбеков, А.Масалиев көчөлөрү менен жүрүп, А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Тилеке-Баатыр, Ы.Монуев кайра А.Масалиев, Ж.Шамшиев, Х.Абдуллаев, К.Мадумаров көчөлөрү аркылуу өз кыймыл чиймеси менен кайтат.
№49 автобустук каттамы Кыргыз-Чек – ОшТУ багыты боюнча Ы.Монуев, Т.Турсунбаева, А.Навои, А.Масалиев, Ж.Раимбеков, Тилеке-Баатыр, Ы.Монуев, А.Масалиев, ОшТУга чейин жүрүп, кайтканда ОшТУ - Кыргыз-Чек, Ж. Раимбеков, А. Масалиев, Кара-Суу, Артыков, Садыков, Мачак, Насирдинов (айланма жолу), Фуркат (айланма жолу) аркылуу Кыргыз-Чекке чейин жүрөт.
№10 автобустук каттам 177-көчө-Төлөйкөн айылы багыты боюнча А.Шакиров, Шамшиев, А.Масалиев, Төлөйкөн айылына чейин барып, өз кыймыл чиймеси менен кайтат.