Бишкекте дыйкан-фермерлерди тейлөө борбору ачылды
Ушундай эле тейлөө борборлору учурда пилоттук негизде Каракол, Кара-Суу жана Жалал-Абад шаарларында ишке кирип жатат
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин башкы имаратында дыйкан-фермелерди жана кызыкдар тараптарды тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган борбордо дыйкан-фермерлер министрликтин тажрыйбалуу адистеринен, “Айыл банк”, “Элдик банк” өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш алып, чечилбей жаткан маселелерине тиешелүү жооп алып кетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзүлөт.
Белгилей кетсек, ушундай эле тейлөө борборлору учурда пилоттук негизде Каракол, Кара-Суу жана Жалал-Абад шаарларында ишке кирип жатат.
Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы жана башка көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү.
Борбордун ишмердүүлүгү боюнча толук маалыматты төмөндөгү телефон номери аркылуу сурап билүүгө болот. 0312 62-05-35.