Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ташиев коррупция менен күрөшүү аягына чыга электигин айтты

"Аягына чыга албай жатабыз. Булар өтө көп экен. Бирок аягына чыгарабыз"

Мамлекеттик кызматта иштегендердин арасында коррупция бар. Бул тууралуу бүгүн, 31-октябрда УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Ош-Ноокат унаа жолунун жаңыланган бөлүгүнүн ачылышында айтты.

Ал өлкөдө жемкорлукту жоюу иштери уланып жатканын белгилеп, коррупция менен болгон күрөш аягына чыгарын убада кылды.

"Кызматка келген адам байыган, анын бардык туугандары жакшы жашаган. Ошол үчүн бардыгы кызматка барууга умтулушкан. Коррупция жөнөкөй адамдардын арасында жок, жалаң мамлекеттик кызматта иштегендердин, бийликти, байлыкты кармап тургандардын арасында бар. Бүгүнкү күндө, биз кайсы бир деңгээлде коррупцияны азайтууга жетиштик. Бирок аягына чыга элекпиз. Күнү-түнү иштеп жатабыз.
Аягына чыга албай жатабыз. Булар өтө көп экен. Бирок аягына чыгарабыз", - деди Ташиев.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх