Кыргыз мамлекеттик цирки жаңы дем менен иш алып барууда – Асланайым Аширова
Жамаат эми гана оңдолгон циркке кирип абдан кубанып турат
Учурда Кыргыз мамлекеттик циркинде чоң өзгөрүүлөр болуп, жамаат биримдикте, жаңы дем менен иш алып барууда. Бул тууралуу А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик циркинин директору Асланайым Аширова “Марал” радиосунун түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, акыркы 5 жылда мамлекеттик цирк өтө начар абалга келип, артисттердин иштөөсүнө, ичиндеги жаныбарларды кармоого тиешелүү шарттар болгон эмес.
“Өзүм артист болгондуктан цирктеги бардык көйгөйлөрдү ичинен көрүп билип, 2 жарым жылдан бери айтып келдим. “Чындык баары бир жеңет” дегендей татаал жолду басып өтсөм да, азыр өзүңүздөр көрүп тургандай цирк оңдолуп, бардыгы жакшы жакка өзгөрүүдө. Кыргызстандын аймактарынан келген кичинекей көрүүчүлөрүбүзгө жакшынакай, жаркыраган цирк болсо деген тилегибиз орундалып, мамлекет башчысынын бир эле тапшырмасы менен цирк толук оңдоодон өттү”,- дейт Аширова.
Белгилей кетсек, учурда цирктин оңдоо иштери 100 пайыз аяктап, расмий ачылышы 2-ноябрга белгиленген.
“Жамаат эми гана оңдолгон циркке кирип абдан кубанып турат. Сүйүнгөнүнөн айрым кесиптештерибиздин ыйлаган учурлары да болду. Анткени, биз бузулган манежди оңдоо үчүн бир кесим желимге жетпеген абалда элек. Мурда ушунча чоң циркте бир эле зал болуп, цирктин көп аянттары ижарага берилип кеткен, азыр алардын ордуна үч зал, кызматкерлер үчүн дагы башка бөлмөлөр даярдалды”, - деди Асланайым Аширова.
Эскерте кетсек, буга чейин цирктеги жаныбарларды кармоо шарты начар болгондуктан жаныбарлар ооруп, тамак-ашы жетишсиз болуп келген. Бул боюнча цирктин жетекчиси цирк ичиндеги система жакшы иштесе эч бир жаныбар жабыркабайт деген пикирин билдирди.
“Жаныбарларды кармоо, кам көрүү боюнча жаңы система киргизейин деген максатым бар. Анткени, циркти жаныбарларсыз, ал эми кыргыз циркин атсыз элестетүүгө мүмкүн эмес”,- деди Аширова.
Кошумчалай кетсек, эртең 2-ноябрга белгиленген А.Изибаев атындагы Кыргыз мамлекеттик цирктин салтанаттуу ачылыш аземине президент Садыр Жапаров жана министрлер кабинетин мүчөлөрү катышары күтүлүүдө.