Кубанычбек Өмүралиев: Бишкек – Түрк дүйнөсүнүн санарип борбору деп кабыл алынат
Бишкекте 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун XI саммити өтөт
Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын XI саммитинде Бишкек – Түрк дүйнөсүнүн санариптештирүү боюнча борбору деген чечим кабыл алынат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев билдирди.
Анын айтымында, Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын XI саммитинде 10дон ашуун документтер жана бир нече келишимдер каралат. Анын ичинде Бишкек санариптештирүү боюнча Түрк дүйнөсүнүн борбору деген чечими да кабыл алынат.
"Баары бул чечимге макул болду. Анткени, Кыргызстандын акыркы жылдары өзгөчө санарип тарабынан жасаган кадамдары чынында колго алынчу нерсе. Мен бир гана кыргыз жараны же кыргыз дипломаты катары эмес, Эл аралык уюмдун башчысы катары белгилеп кетким келет”, - деди ал.
Белгилей кетсек, Бишкекте 6-ноябрда Түрк мамлекеттер уюмунун XI саммити өтөт. Ага Түркия, Азербайжан, Казакстандын, Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери, ошондой эле байкоочу өлкөлөрдүн лидерлери катышат.