Ош шаарында маданият кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди
Бир катар маданият кызматкерлер Ардак грамота, ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты
Кечээ Ош шаарында 2-ноябрь – Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин күнүнө карата майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чарада Маданият жана искусство тармагын өнүктүрүүгө, калктын руханий дөөлөтүн арттырууга кошкон салымы, ак ниет эмгеги жана Ош шаарында өткөрүлгөн маданий-массалык иш-чараларга активдүү катышкан бир катар маданият кызматкерлери Ош шаарынын мэриясынын, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, Ош шаардык маданият башкармалыгынын Ардак грамота, ыраазычылык баракчалары менен сыйланышты.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз