Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда бир жумада 16 миңге жакын жол эрежесин бузуу фактысы катталды

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат

Кыргызстанда 28-октябрдан 3-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, 15 миң 968 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 417 ;
мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 172;
авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 48;
жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 511;
транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 677;
авто ээнбаштык – 7;
белгиленген ылдамдыктан ашуу – 3 619;
жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 2;
башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 8 515;
Ошондой эле ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 351 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

ЖКККББ айдоочулардан жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх