"Абдыш-Ата" үчүнчү жолу Кыргызстандын чемпиону болду
Кыргыз футбол биримдигинин жетекчиси чемпион командага 50 миң доллар сыйлык сертификатын ыйгарды
Кун мурун Кант шаарында жаңыланган «Нитро Арена» спорт комплексинде 1XBET Премьер-лигасы-2024 турниринин алкагында "Абдыш-Ата" менен "Дордойдун" жолугушуусу орун алды.
Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, бүгүнкү суперклассико беттеши 2024-жылкы сезондун чемпиондугу үчүн күрөштө чечүүчү болуп, бүйүр кызыткан жана көз жоосун алган учурларга бай болду.
Талаа ээлери 1-0 эсебинде борбор калаалык клубду жеңип, мөөнөтөн мурда Кыргызстандын чемпиону болушту. Ошентип, "Абдыш-Ата" катары менен үчүнчү ирет өлкө чемпиону аталды.
Команданы сыйлоо аземине Кыргыз футбол биримдигинин биринчи вице-президенти Нурдин Букуев, КФБ Аткаруу комитетинин мүчөсү Аскар Салымбеков, Кыргыз профессионалдык футбол лигасынын вице-президенти Илгиз Садыралиев жана "Абдыш-Ата" футболдук клубунун президенти Советбек Сакебаев катышты.
Кыргыз футбол биримдигинин жетекчиси чемпион командага 50 миң доллар сыйлык сертификатын ыйгарды.