Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Түркия биргеликте кино жана сериал тартат

Биз 2025-жылы тасмаларды тартуу үчүн павильондорду курууну, тасма тартуу боюнча кызматташууну көздөп жатабыз

Кыргызстан менен Түркия биргеликте кино жана сериал тартат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн аудио-визуалдык иштер боюнча эки тараптуу макулдашууга кол коюлду.

"Биз эми Түркия менен биргеликте кино тасмаларды, видео материалдарды, сериалдарды жаратуу боюнча кызматташабыз. Ошондой эле биз тажрыйба да алмашабыз. Биз буга чейин Италияга барганда ушундай келишимге кол койгонбуз ", - деди ал.

Максүтов белгилегендей, өлкөдө жылдан жылга кино тармагын каржылоо жогорулап жатат. Алсак, 2023-жылы кинону каржылоо 10 эсе көбөйсө, быйыл каржылоо 345 млн сом 1 млрд сомго чейин жогорулады. Бул башка мамлекеттер менен биргеликте сапаттуу тасмаларды тартууга мүмкүнчүлүк түзүүдө.

"Биз 2025-жылы тасмаларды тартуу үчүн павильондорду курууну, тасма тартуу боюнча кызматташууну көздөп жатабыз. Мындан тышкары, биз Түркия менен чогуу сериалдарды жаратууга даярбыз, анткени алар сериал тартууда алдыга кеткен", - деп кошумчалады министр.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх