Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Каракол шаарында фермерлерди тейлөө борбору ачылды

Борбордун ишмердүүлүгү боюнча толук маалыматты төмөндөгү телефон номери аркылуу сурап билүүгө болот 0708 574 046

Каракол шаарында дыйкан-фермерлерди тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлорун ачуу боюнча тапгырмаларды берген.

Дыйкандарды тейлөө борборунун ачылышына Айыл чарба министрлигинин региондор жана жаратылыш ресурстары менен иштөө башкармалыгынын башчысы Аманат Сыдыков жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри Эрлан Айсаракунов катышты.

Борбордо фермерлер райондук мекеме-ишканалардын адистеринен, "Айыл-Банк", "Элдик Банк" ААКтын өкүлдөрүнөн толук кандуу кеп-кеңеш ала алышат. Ал жерде айыл чарбасындагы тажрыйбалуу адистер жарандарды жекеме жеке кабыл алып, кеңеш берет.

Борбордун ишмердүүлүгү боюнча толук маалыматты төмөндөгү телефон номери аркылуу сурап билүүгө болот. 0708 574 046.

Белгилей кетсек, буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин борбордук аппаратынын башкы имаратында жана Сузак, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрацияларында дыйкан-фермерлерди тейлөө борборлору ачылган.

Долбоордун негизги максаты – дыйкан-фермерлерге кандай урук-көчөттөргө маани берүү зарылдыгын, эмнени өндүрүү керектигин, даяр продукцияны кайда сатууга болоорун, аларга мамлекет тарабынан кандай колдоолор каралгандыгы, ж.б көптөгөн суроолорго жеткиликтүү маалымат, кеңеш алуучу аянтчаны түзүү болуп саналат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх