Билим берүү министрлиги: Мугалимди басмырлап, беделин түшүрүү жол берилгис көрүнүш
Ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырабыз
Билим берүү жана илим министрлиги Бишкектеги №57 мектептин тарых мугалими менен окуучунун апасынын ортосунда болгон окуяга байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Ведомстводон баса белгилешкендей, кандай шартта болбосун мугалимди басмырлап, анын беделин түшүрүү жол берилгис көрүнүш. "Ата-энелерди мугалимдерге сый-урмат менен мамиле жасоого чакырабыз" - , - деп кошумчалашты министрликтен
Ошондой эле министрлик бул окуяга байланыштуу №57 мектептин администрациясы, Бишкек мэриясынын Билим берүү департаменти өз компетенциясынын чегинде иш алып барып, тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрылганын маалымдайт.
Эске салсак, буга чейин интернетке шаардагы мектептердин биринде ата-энелердин бири мугалимди балдардын көзүнчө кагып, жемелеген видео тараган.