Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Общеобразовательная выставка

Кыргызстандын тоолуу аймактарына кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү жана кар күрткүсүнө байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, 9-ноябрынан 10-ноябрына чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-231-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх