Ат-Башы районундагы Кында ашуусу жабылды
2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 2025-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылды
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кында ашуусу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маадыматка ылайык, ашуу Ат-Башы – Кында – Торугарт унаа жолунун 65-73-чакырымында жайгашкан жана 2024-жылдын 6-ноябрынан тартып 2025-жылдын 1-апрелине чейин убактылуу жабылды.
Мындай чечим Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы – акимдин 2024-жылдын 6-ноябрындагы буйругунун негизинде өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, адамдардын өмүрүн сактоо жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында кабыл алынды.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз