Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол Кыргызстандын курама командасынына акчалай сыйлык тапшырды
Ошондой эле биздин спортчулардын Париждеги Олимпиада оюндарындагы ийгилиги менен куттуктады
Дүйнө чемпиону Дмитрий Бивол бокс боюнча Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Төлөгөн уулун биздин спортчулардын Париждеги Олимпиада оюндарындагы ийгилиги менен куттуктап, акчалай сыйлык тапшырды. Төлөгөн уулунун жетекчилигинде Кыргызстандын мушкерлери дүйнөлүк аренада өлкөбүздүн атын даңазалап, күмүш медалдарды тагынышты.
Дмитрий Бивол Кыргызстанда бокстун өнүгүшүнө машыктыруучунун эмгегин жана салымын белгилеп, мындай жетишкендиктер спортчулардын жаш муундарын жаңы жеңиштерге шыктандырарын баса белгиледи. Биздин команданы бул маанилүү жетишкендиги менен куттуктайбыз жана Дмитрий Биволго кыргыз боксуна көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиребиз!