Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте аскердик кармаш уруш боюнча чемпионат өтөт

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат

13-15-ноябрь күндөрү "Динамо" спорт комплексинде аскердик кармаш уруш боюнча Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына карата генерал майор Эргеш Алиевдин Жаркын элесине арналган ачык чемпионат өтөт.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, мелдешке республикасынын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы жана аскердик кармаш уруш боюнча федерациясы тарабынан тиешелүү даражадагы дипломдор жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категорияларында күч сынашат:

эркектер: 60, 65, 70, 75, 80, 85, 90, +90 кг;
кыз-келиндер: 60, 65, 70, +70 кг.
комплекстүү жекеме-жеке урушуу: 73, 83, +83
Мелдештин программасы:

башталышы – 13-ноябрь, саат 9:00;
салтанаттуу ачылыш аземи – 13-ноябрь, саат 14:00;
финал беттештер – 15-ноябрь, саат 9:00.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх