Жалал-Абад шаарына жылуулук берилди
Жалал-Абад шаарында 20 откана бар. Алар үчүн 1200 тонна көмүр, 300 тоннадан ашуун мазут камдалган
Жалал-Абад шаарында 9-ноябрдан тарта бардык мекеме-ишканаларга, мектеп, бала бакчаларга, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана көп кабаттуу үйлөргө жылуулук бериле баштады.
Жалал-Абад жылуулук муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, шаардагы бардык отканалар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, керектүү деңгээлде көмүр жана мазут камдалган. Учурда борборлоштурулган жылытуу системасына туташтырылган бардык объектилерге жылуулук берилип жатат.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында 20 откана бар. Алар үчүн 1200 тонна көмүр, 300 тоннадан ашуун мазут камдалган.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз