Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Таласта УКМК кызматкерлеринин балдары үчүн бала бакча ачылды

Курулуш иштери 2024-жылдын май айында башталып, ноябрь айында толук бүткөрүлгөн

Күн мурун Талас шаарында 150 орунга эсептелген "Мекен" бала бакчасынын салтанаттуу ачылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызматка караштуу бала бакчанын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери жана аталган бала бакчанын тарбиялануучуларынын ата-энелери катышты.

Камчыбек Ташиев өз сөзүндө өсүп келе жаткан жаш муунга керектүү шарттарды түзүү аркылуу алардын келечегине бекем пайдубал тургузууга боло тургандыгын белгиледи. Андыктан УКМКда бул багыттагы иш-аракеттер да жолго коюлуп, кызматкерлердин балдары үчүн атайын бала бакчалар салынып, пайдаланууга берилип жаткандыгы айтылды.

Төрага УКМК кызматкерлеринин үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик шарттарын жакшыртуу, алардын кызматтык жана күжүрмөн милдеттерин ийгиликтүү аткаруусуна өбөлгө болоорун кошумчалады. Мындан улам, учурда республиканын бардык аймактарында УКМКга караштуу бала бакчалардын ачылышы күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, аталган бала бакчанын жалпы аянты 0,25 га, ал эми имаратынын аянты 700 чарчы метрди түзөт. Курулуш иштери 2024-жылдын май айында башталып, ноябрь айында толук бүткөрүлгөн.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх