Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сокулукта темирди кайра иштетүүчү ишканадан өрт чыкты

Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок

Сокулук районунун Шопоков шаарындагы Биринчи Май көчөсүндө жайгашкан темирди кайра иштетүүчү ишканадан өрт чыккан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен ьилдиришкендей, өрттү өчүрүүгө саат 13:20дан тарта эки өрт өчүрүү бөлүмү тартылып, тилсиз жоо саат 15:35те толук өчүрүлгөн.

Алдын ала маалыматка ылайык, ишкананын темир эритүүчү казаны жарылып, анын тегерегиндеги таштандылар күйгөн.

Кырсыктан жабыркагандар жана каза болгондор жок. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх