Кыргызстанда интернетке жеткиликтүүлүк калыбына келтирилди
Линия Казакстандын аймагында бузулуп, учурда оңдолуп бүттү
Кыргызстанда интернетке жеткиликтүүлүк калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Ведомствонун маалыматына караганда, линия Казакстандын аймагында бузулуп, учурда оңдолуп бүттү.
"Азыркы учурда өлкөнүн аймагында интернетке жеткиликтүүлүк толук калыбына келтирилди", - деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, кечээ кечинде тышкы интернет линиясы үзгүлтүккө учурап, интернетке жеткиликтүүлүк үзгүлтүккө учуруган болчу.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз