Улуттук илимдер академиясында биринчи жолу оңдоо иштери жүрүүдө – Чолпонкул Арабаев
Бул 70 жылдан бери биринчи жолу жасалууда
70 жылдан бери биринчи жолу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясында капиталдык оңдоп түзөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев билдирди.
Анын айтымында, 70 жыл боюу бир да жолу мамлекет тарабынан көңүл бурулбай келген Улуттук илимдер академиясында биринчи жолу оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.
"Азыркы бийлик келгенден тарта бир топ жумуштар жасалып жатпайбы. Мунун аркасында биздин академиябызга дагы эки жылдын ичинде мамлекет башчы Садыр Жапаров төрт жолу келди. Акыркы жолу үстүбүздөгү жылдын апрель айында биздин шарт менен толук таанышып, көрүп кетти. Андан көп өтпөй бизге имаратты капиталдык оңдоо иштеринен өткөрүү үчүн жарым миллиарддын тегерегиндеги акча бөлүп берди. Азыркы тапта бизде оңдоп-түздөө иштери кызуу жүрүүдө. Бул 70 жылдан бери биринчи жолу жасалууда", - деди ал.