Нарын – Орук – Там унаа жолу жазга чейин жабылды
Белгилей кетсек, аталган унаа жолу жыл сайын ноябрь айынан апрель айына чейин жабылат
Нарын – Орук – Там унаа жолу 2025-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу жабылды. Бул тууралуу "Кыргызавтожолу" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчы буйругунун негизинде кабыл алынды.
Ошентип, Нарын – Орук – Там унаа жолунун Эки-Нарын айылынын 50-чакырым аралыгынан Капчыгай бөлүгүнүн 75-чакырымына чейинки унаа жолунун кыш мезгилинде аба-ырайынын жана жол шартынын татаалдыгынан тейлөөгө мүмкүн болбогонуна, кар көчкү түшүү коркунучу жаралгандыктан жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу жана ири материалдык чыгымдардын болушуна жол бербөө максатында 2024-жылдын 14-ноябрынан тарта, 2025-жылдын 15-апрелине чейин убактылуу жабылды.
Белгилей кетсек, аталган унаа жолу жыл сайын ноябрь айынан апрель айына чейин жабылат