Ысык-Көл облусунда браконьерликке каршы рейд жүрүүдө
Браконьерлер жашырып койгон жай табылып, андан желим кайык жана 300 метрге жакын торлор табылды
Ысык-Көл облусунда браконьерликке каршы рейд жүрүүдө.
Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашкандай, бүгүн облус жетекчисинин биринчи орун басары Данияр Арпачиев ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана туристтик милициянын кызматкерлери менен биргеликте браконьерликке каршы рейд жүргүзүштү.
Анын жүрүшүндө мыйзамсыз коюлган 100 метрден ашуун балык уулоочу тор алынды.
Ошондой эле браконьерлер жашырып койгон жай табылып, андан желим кайык жана 300 метрге жакын торлор табылды. Бул иш-чара браконьерликке каршы күрөшүү жана Ысык-Көлдүн экологиялык коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп, жаратылыш байлыктарын сактоого багытталган.