Аламүдүн районунда "Мамлекет жана дин" аталышындагы тегерек стол өттү
Коомчулукка маалыматтарды объективдүү жана туура жайылтуу боюнча талкуу жүрүп, баяндамалар жасалды
Чүй облусунун Аламүдүн районунда "Мамлекет жана дин” аталышындагы тегерек стол өттү.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан маалымдашкандай, иш-чара 2021-2026-жылдарга өлкөнүн диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын ишке ашыруу максатында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, аксакалдар кеңешине жана дин кызматкерлерине уюштурулду.
Катышуучуларга диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат, радикализмдин алдын алуу, ошондой эле диний чөйрөдө жаралган көйгөйлөрдүн чечүү жолдору тууралуу маалыматтар берилди.
Мындан тышкары, коомчулукка маалыматтарды объективдүү жана туура жайылтуу боюнча талкуу жүрүп, баяндамалар жасалды.