Жалал-Абадда студенттерге радикализм жана экстремизм тууралуу маалымат берилди
Экстремисттик, террористтик мүнөздөгү маалыматтарды ар кандай сайттар аркылуу таратууда мыйзам алдында жоопкерчиликтери айтылды
Күн мурун Жалал-Абад мамлекеттик университетинин студенттерине "Интернет аркылуу жаштардын радикалдашуусу жана тыюу салынган агымдарга тартуу" аталышында баяндамалар жасалды.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынан билдиришкендей, иш-чарага Улуттук коопсуздук комитетинин, Ички иштер башкармалыгынын жана Жалал-Абад казыятынын өкүлдөрү катышты.
Анда адистер жаштарды интернеттеги радикализм жана экстремизмдин коркунучтуу чакырыктарынан оолак болууга үндөп, Кыргызстандагы тыюу салынган уюмдар тууралуу маалыматтар берилди.
Ошондой эле, экстремисттик, террористтик мүнөздөгү маалыматтарды ар кандай сайттар аркылуу таратууда мыйзам алдында жоопкерчиликтери айтылды.
Экстремисттик аракеттерге жаштардын аралашып калбоосу жана тастыкталган маалыматтарды пропагандалык материалдардан айырмалоо зарылдыгы боюнча суроо-жооптор болуп, ой-пикирлер ортого салынды.