Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Отун-энергетикалык комплекс боюнча комитет "Кыргызкөмур"  мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат алды

Жыйынтыгында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат эске алынды

Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов экономика тармактарын жана калктын 2024/2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерине токтолду.

«Быйыл Бишкек жылуулук борборун 520 миң тонна жергиликтүү көмүр менен камсыздоо тапшырмасы коюлган. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасына 375 миң тонна, көмүр казуучу ишканалардын консорциумуна 120 миң тонна көмүр ташуу мүкүнчүлүгүн берүү чечими кабыл алынды. Бүгүнкү күндө Бишкек ЖЭБине 158 миң тонна көмүр жеткирилди», - деди.

Талкуу маалында депутат Кундузбек Сулайманов жолдордун сакталышын камсыз кылуу максатында жүк ташуучу унааларга көлөмү 10 тоннадан ашкан жүктөрдү ташууга уруксат берилбей турганын эске салып, алыскы калктуу конуштарга бара турган жүк ташуучу унаалардын салмагын 20 тоннага чейин көбөйтүүгө уруксат берүүнү сунуштады. «Антпесе жүк ташуу транспорттук чыгымдарды актабайт», - деген жүйө келтирген эл өкүлү бул маселени транспорт министрлиги менен биргеликте карап чыгууга чакырды.

Ал эми депутат Алишер Козуев көмүр кендерин иштетүүгө инвесторлорду тартуу, аларга консультациялык колдоо көрсөтүү маселелерин ортого салса, эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев калкты, өзгөчө Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын тургундарын сапаттуу, туруктуу баадагы көмүр менен үзгүлтүксүз камсыз кылууну табыштады.

Депутат Мирлан Самыйкожо республиканын аймагында көмүргө болгон баалардын негизсиз өсүп кетүүсүнө жол бербөө керектигин белгилеп, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасын өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү программасын иштеп чыгуу зарылдыгын айтты. Депутат Марат Мураталиев да ишкананын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу маселесин ортого салды.

Депутат Аккулу Бердиев салмак-габариттик көзөмөл жүргүзүү тартибин жөнгө салуу керектигин белгилесе, эл өкүлү Нурбек Сыдыгалиев Жумгал районунун отун базаларында көмүр жок экенин сынга алды.

Депутат Айжигит Тыналиев көмүр кендерине баруучу жолдорду оңдоо зарылдыгын кошумчалады.

Жыйынтыгында «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат эске алынды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх