Футбол. Кыргызстан Иранга 3:2 эсебинде утулду
Оюнга президент Садыр Жапаров, Акылбек Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү күйөрмандык кылышты
Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан – Иран футбол беттеши болуп өттү.
2026-жылкы дүйнө чемпионатынын үчүнчү тандоо раундунун алкагында өткөн беттеште 3:2 эсеби менен Иран Кыргызстандын командасын утту.
Кыргыз курамасынан 2 голду тең чабуулчу Жоэль Кожо киргизди.
Оюнга президент Садыр Жапаров, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү күйөрмандык кылышты.
Белгилей кетсек, бул Кыргызстан курамасынын 2024-жылдагы акыркы оюну. Кийинки оюндар ушул эле дүйнө чемпиондугуна тандап алуу алкагында жаз айында өтөт.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз